Видео: «Кемпир-Абад» Өзбекстанга берилгени айтылууда — Мадумаров

Видео: «Кемпир-Абад» Өзбекстанга берилгени айтылууда — Мадумаров

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров «Кемпир-Абад» суу сактагычы Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөздөр айтылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул кабар коомчулук ичинде ызы-чуу жаратууда.

«Кечээ облустук телекомпаниядан кыргыз-өзбек чек арасы боюнча (маалымат — ред.) берди деп жатат. «Кемпир-Абад кетиптир» деген ызы-чуу катуу кетип жатат. Биз беш айыл өкмөттүн жашоочулары менен жолукмайынча, бул маселени токтотуп турсаңыздар деп сунуш кылганбыз. Макул болгон. Президенти да, өкмөтү да, баары отурган. Бирок жең учунан кол коюп бергендиги, аны теледен айтып жибергендиги өлкөдө аябай катуу будуң-чаң жаратып жатат», — деди ал.

Ал билдиргендей, учурда өлкөдө түзүлгөн кырдаал оңой эмес.

«Өлкөдөгү эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги түзүлгөн кырдаал жеңил эмес. Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси эки ящик автомат көтөрүп, парламенттин ичине кирип келгендиги бул жапайычылык. Бул өто чеккен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катарында ар бир кыймыл-аракетке мыйзамдуулугун укуктук тарабынан сөзсүз баа беришиюиз керек. Ага баа бере албасак, Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин аткарбады деп билишибиз зарыл. Ушул маселелерди күн тартибине киргизип, ущуларга чекитти коюр карап, андан кийин мыйзамды кабыл алсак максатка ылайык болот», — деди ал.

Эскерте кетсек, «Кемпир-Абад» суу сактагычы Кыргызстандын Ош менен Жалал-Абад облустары чектешкен жерде, кыргыз-өзбек чек арасында орун алган. Былтыр аталган суу сактагычтын жерин Өзбекстанга жер алмашуу жолу менен берилери айтылганда эл ага каршы чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>