Кемпир-Абад: Депутат чек ара келишимин эмнеге колдогонун айтты

Кемпир-Абад: Депутат чек ара келишимин эмнеге колдогонун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну эмне себептен колдоп жатканын, аталган маселени караган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынындагы кворум маселеси тууралуу айтып берди.

Депутат билдиргендей, комитеттин отурумунда кворум болгон.

«Башында кворум болгон. 11 депутат катышкан. Анын төртөө чыгып кеткен. Негизи башында кворум кабыл алынган да, ошонун негизинде кворум болду. Мамлекетке, элге күйгөн депутат комитеттин жыйынынын аягына чейин отурушу керек. Башында кирип, сүйлөп, кетип калган туура эмес деп эсептейм», — деди ал.

Ошондой эле, ал кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди эмне себептен колдоп жатканын түшүндүрдү.

«Чек ара маселеси өтө көйгөйлүү. Казакстан менен чек ара чечилген. Эч кандай чыр-чатак жок. Кытай менен чечилген. Ок атуулар жок. Тажикстан менен кандуу каргашалуу окуя болуп кеткенин көрдүңүздөр. Бул эмненин кесепети? Чек ара маселесинин чечилбегенинин кесепети. Ошол эле учурда 30 жылдык тарыхыбызда Өзбекстан менен чечилбеген жерлердеги чатактарда жарандарыбыз, чек арада кызмат өтөгөн жоокерлер каза тапкан күндөр болгон. Талаш-тартыш жерлер чечилбегендиктен ушундай ок атуулар болуп, биздин жарандар каза болуп жатат. Биз адамдын өмүрүн биринчи орунга коюшубуз керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоп берген. Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кеткен. Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирген. Ошентсе да, аталган комитеттин жыйынында кворум болуп-болбогону талаштуу маселе бойдон калууда. Депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбековдор отурумда кворум болбогонун айтышууда.

Кемпир-Абад: Мадумаров комитеттин жыйынында кандай чекиликтер кеткенин айтты

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>