Кемпир-Абад. Депутат Медер Алиев комитеттин төрагалыгынан кетти

Кемпир-Абад. Депутат Медер Алиев комитеттин төрагалыгынан кетти

Депутат Медер Алиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалык кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда ал парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, анын кызматтан кетүүсүнүн себеби Кемпир-Абад маселесине байланыштуу.

«Мени эч ким мажбурлаган жок. Кептин майда-чүйдөсүнө чейин айтпай эле коёюн, бул кадам Кемпир-Абад маселесине байланыштуу. Мен таза, коррупциясыз иштедим. Ушул жылдын ичинде бир дагы тууганымды кызматка койгон жокмун. Тескерисинче, менин өтүнүчүм боюнча төрт туугандын бири жумуштан кетти. Биздин саясатчылар бийликчил, бийликтин туура жана туура эмес чечимдерин колдогондор болуп экиге бөлүнгөн. Мен элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштеген үчүнчү типтеги саясатчы болгум келет», — деди ал.

Белгилей кетсек, Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялоодо депутат Медер Алиев парламенттин отурумуна катышкан эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>