Кыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздү
Статистика: Кыргызстанда 100 үй-бүлөгө 110 телевизор туура келет
30.11.2022 | 11:47
Кыргызстанда 100 үй-бүлөгө 110 телевизор туура келет. Бул тууралу Улуттук статистика комитетинин “Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээли” аттуу басылмасында айтылат.
Маалыматка караганда, 2021-жылы орточо алганда 100 үй-бүлөгө 110 телевизор, 98 муздаткыч, 86 кир жуучу машина, 10 магнитофон жана 42 чаң соргуч туура келген.
Турмуш-тиричилик жана үй чарба багытындагы буюмдардын жарымын колдонуу мөөнөтү 10 жылга чейинки буюмдар түзүп, аларга эсептөөчү техника, телерадиоаппаратура жана башкарлар кирген. Эмерек, автоунаа сыяктуу көп жыл колдонулуучу мүлктүн пайдалануу мөөнөтү 10 жылдан ашык болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз