Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров Өзгөнгө барды

Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров Өзгөнгө барды

Коомчулукта «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилди» деп айтылып жаткан маселе боюнча Ош облусунун Өзгөн шаарындагы райондук администрацияда президент Садыр Жапаров эл менен жолугушууда.

Чогулушка УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да келген.

Ошол эле учурда имараттын алдында чогулган эл суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы экенин, жыйынга каалоочулардын баары кире албаганын, киргендердин басымдуу бөлүгү «атайын дайындалган» кишилер экенин айтышууда. Алар имараттын ичиндеги орун аз болгондуктан чогулушту көпчүлүктүн катышуусунда стадиондо өткөрүү керектигин билдиришти. Ал эми акимчиликтин алдында турган милиция кызматкерлери имараттын жыйын залы толуп калгандыктан, кире албай калгандар кийинки топ менен киргизилерин кабарлашты.

Ошол эле учурда эл чогулушка кирип жаткандардын телефондору алынып жатканын айтышууда. Администрациянын кире беришинде турган милиция кызматкеринин айтымында, телефондо жардыруучу каражат болушу мүмкүн болгондуктан, телефондор текшерилип, алынып калууда.

Эскерте кетсек, «Кемпир-Абад» суу сактагычы Кыргызстандын Ош менен Жалал-Абад облустары чектешкен жерде, кыргыз-өзбек чек арасында орун алган. Былтыр аталган суу сактагычтын жерин Өзбекстанга жер алмашуу жолу менен берилери айтылганда эл ага каршы чыккан.

Өткөн аптада депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад Өзбекстанга берилгени айтылганын, эл ага каршы чыгып жатканын билдирген.

Видео: «Кемпир-Абад» Өзбекстанга берилгени айтылууда — Мадумаров

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>