Видео: Сокулукта Мамкурулуштун кызматкери пара менен кармалды

Видео: Сокулукта Мамкурулуштун кызматкери пара менен кармалды

Сокулук районунда мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-сентябрда ИИМге Сокулук райондук мамлекеттик архитектуранын “Р” аттуу кызматкери Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорун тез арада аяктап беремин деп 150.000 сом акча талап кылып жаткандыгын айтып, ага чара көрүп берүү арызы менен кайрылган.

Аталган арыздын негизинде, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголуп, ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.

ИИМдин Тергөө кызматы жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Сокулук районунун Романовка айылында 80 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1986-жылы туулган С.Р. кармалды.

Кармоо учурунда анын шымынын оң чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80 миң сом акча далил күбө катары алынды. Пара алууга шектелген С.Р. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>