Кендирбаева 12 жылдык билим берүүгө мектептер качан өтөрүн айтты

Кендирбаева 12 жылдык билим берүүгө мектептер качан өтөрүн айтты

Дүйнөнүн 150 өлкөсүндө мектептерде 12 жыл окушат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан окуу жылын узартуу менен дүйнөлүк бирдиктүү билим берүү системасына кирет.

«Бул боюнча чечимди Кыргызстан өз алдынча алды. Ал үчүн эч ким басым жасаган жок. Бирок класстарды жабдуу үчүн грант алышыбыз мүмкүн», — деди министр.

Кендирбаеванын түшүндүрүүсүндө, 12-классты бүткөн окуучулар эмгек рыногуна даяр болот.

«Окуу программасы баланын физиологиялык түзүмүнө ылайыктуу болот. Башталгыч класстан тарта илим сабактары киргизилет. Биз азыркыдай кайталоо  сабактарын алабыз. Программа оор жана академиялык болбой, көбүрөөк практикага багытталат», — дейт ал.

Министрлик жакынкы бир айда мектептеги билим берүүнү өзгөртүү боюнча программа иштеп чыгат. 46 наамдагы китептер сатып алынып, 12-класска шайкеш келтириши керек.

Сентябрдан тарта мектептерде сабактарды анализдөө жүргүзүлөт. Окуучулардын билим деңгээли жооп берсе, 1-класстагы балдар III чейректен тарта 2-класска которулат. Башталгыч класстар 1-5-класс, орто — 6-9-класс, жогорку класстар — 10-11-12-класстар болот.

Жусуп Баласагын атындагы университеттин ректору Төлөбек Абрахманов КМШ жана Африка өлкөлөрүндө гана мектептерде 11 жыл окутуларын эскертти.

«Кайсы өлкөлөрдө билим берүү сапаттуу, күчтүү? Албетте 12 жылдык билим берүүгө өткөндөрдө», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>