Керектөөгө, курулушка, соодага. Жарандар насыяны кайсы максатта алышат?

Керектөөгө, курулушка, соодага. Жарандар насыяны кайсы максатта алышат?

9 айда 533 адам микрокредиттик компанияларга кайрылып, 37 миллиард сом насыя алды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Аны менен финансалык уюмдардын кардарларынын саны 12 пайызга, насыялардын көлөмү 29 пайызга көбөйдү.

Карыз алгандардын 20 пайызы Ош облусунун тургундары, андан кийинки орунда Жалал-Абад (17%дан ашык) жана Бишкектин (16%) жашоочулары турат.

Кыргызстандыктар насыянын көбүнчө керектөө муктаждыктарына (48 пайызын) алышат. Андан тышкары  акчанын 23 пайызы айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө,  11 пайызы  — соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6 пайызы — курулушка берилди.

Микрокредиттик компаниялардын 90 пайызы алган карызын убагында кайтарышты. Бул  өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга төмөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>