КФСнин аталышы Кыргыз футбол биримдиги деп өзгөртүлдү

КФСнин аталышы Кыргыз футбол биримдиги деп өзгөртүлдү

Кыргыз футбол союзунун мамлекеттик тилдеги аталышы Кыргыз футбол биримдиги деп өзгөрдү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 26-мартта уюмдун кезексиз Конгресси болуп өттү. Жыйында уюмдун мамлекеттик тилдеги фирмалык аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Жыйынтыгында жыйынга катышкандар уюмдун аталышын Кыргыз футбол биримдиги деп өзгөртүү сунушун колдогон.

Уюмдун аталышын өзгөртүү демилгесин Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев көтөргөн.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 2020-жылы Кыргыз футбол союзу деп өзгөргөн. Футбол федерациясы коомдук бирикме болсо, Кыргыз футбол союзу юридикалык жактардын бирикмеси катары түзүлгөн. Ошол эле учурда күйөрмандар уюмдун аталышын кыргыз тилинде КФС эмес, Кыргыз футбол биримдиги деп оңдоону сунуштап келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>