Компанияларды диний сөздөр менен атоого тыюу салуу сунушталууда

Компанияларды диний сөздөр менен атоого тыюу салуу сунушталууда

Компанияларды диний сөздөр жана терминдер менен атоого тыюу салуу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык диний коммерциялык эмес уюмдар жана ислам принциптерине таянып иш алып барган каржы мекемелери гана диний сөздөрдү колдоно алат.

Демилге айрыкча турак жай жана башка кооперативдер катары түзүлүп, иш жүзүндө каржы пирамидасы катары элге зыян алып келген компанияларга багытталганы белгиленет.

“Өткөн жылы 12 турак жай-курулуш кооперативинин ишине байланыштуу жалпысынан 954 кылмыш иши тергелип, анын 604ү сотко жөнөтүлүп, 168и токтотулган. Алардын ичинен эң белгилүүсү ― “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативи. Акыркы эсеп боюнча бул кооператив жарандарга 701 миллион сомдук зыян келтирген”, — дейт демилгечи.

Депутаттын маалыматында, өлкөдөгү 6 миң 500гө жакын кооператив иштеп жатат. Анын ичинен 5 миң 500ү  ― айыл чарбалык коммерциялык, 900 — коммерциялык эмес кооперативдер. 2023-жылдын 12 айында финансылык пирамида фактылары менен жалпысынан 358 кылмыш иши тергелген. Жабырлануучулардын саны 358 адамды түзөт, жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>