«Акыркы коңгуроодо» милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

«Акыркы коңгуроодо» милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери «Акыркы коңгуроо»  жана  «Бүтүрүү кечелери» учурунда, күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн,  өздүк курам май айынын аягында өтүүчү тогузунчу жана он биринчи кластардын акыркы коңгуроо иш-чаралары, ошондой эле  10, 20, 30-жылдык жолугушуулар учурундагы шаң-шөөкөттөр  жолугуу кечелери учурунда ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө багытында ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Анда, бүгүндөн тартып, мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине жана мектеп мугалимдерине  жолугуп, бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  менен уруксатсыз авто унаа каражаттарын айдатпоого, жаратылыш тоолорго, суу жээктерине, кечкисин эс алуучу кафе клубтарга жөнөтпөө боюнча кечиктирилгис  чараларды көрүү жана көзөмөлдөө тапшырмалары коюлду.

Айрыкча бүтүрүчүлөр атайын унаа жалдашып, эс алууга кетип калуу, же ичимдик ичип, жол унаа кырсыктарына кабылып калуу фактыларына жол бербөө багытындагы иш чараларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>