Кимдер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтө албайт?

Кимдер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтө албайт?

Медициналык кызматкерлер гана кимге COVID-19га каршы вакцина алууга болоорун же болбосун жакшы айтып бере алышат. Бул тууралуу коронавируска каршы штабдан маалымдашты.

Ошондой эле, спецификалык мүнөздөмөлөрдөн тышкары, адамдын жашы, анын ден соолугунун абалы же COVID-19га мурда кабылышы сыяктуу факторлор вакцинанын натыйжалуулугуна таасир этиши мүмкүн.

Бирок, изилдөөлөргө ылайык, төмөнкү учурларда COVID-19га каршы эмдөөгө болбойт:

— COVID-19 вакцинасынын кандайдыр бир компонентине катуу аллергиялык реакциялары бар адамдар.

— Учурда COVID-19 менен ооруп жаткан же симптомдору бар адамдар. Аларды айыккандан кийин гана эмдөөгө болот.

Ал эми, төмөнкү учурларда этияттуу болуп, дарыгер менен кеңешүү зарыл:

1. өнөкөткө айланган боор жана бөйрөк оорулары;

2. эндокриндик оорулар: өтүшкөн калкан безинин дисфункциясы жана кант диабетинин декомпенсация стадиясы;

3. өтүшкөн кан оорулары;

4. эпилепсия жана башка борбордук нерв системасынын оорулары;

5. мээ кан айланууну системасынын курч бузулушу (инсульт), курч коронардык синдром жана миокардит, эндокардит, перикардит.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>