Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Жогорку Соттун төрайымы Бакирова кызматтан кетти
31.01.2022 | 12:45
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровдун атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берди. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн.
Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.
Ошол себептен Нургуль Бакирова Жогорку соттун төрагасы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат