Аялды өлтүрүп, дене мүчөлөрүн каналга ыргыткан: Күйөөсү кармалды

Аялды өлтүрүп, дене мүчөлөрүн каналга ыргыткан: Күйөөсү кармалды

Киши колдуу болуп, денесинин бөлүктөрү Чоң Чүй каналында табылган аялдын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 14-октябрда Сокулук районунда Чоң Чүй каналынын шлюзунда (дюкер) киши колдуу болгон адамдын дене мүчөлөрү табылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун калган дене мүчөлөрү Бишкек шаарынын аймагынан (суу каналынан) табылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Сокулук жана Бишкектин аймагында табылган дене мүчөлөрү бир кишиге (аял киши) таандык экени аныкталган. Бирок дене бузула баштагандыктан киши колдуу болгон аялдын өздүгү аныкталбай келген. Бул өтө оор кылмыштын бетин ачууга тажрыйбалуу тергөөчүлөр тартылган», — деп билдирет облустук милиция.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында киши колдуу болгон аялдын өздүгү такталып, маркум Аламүдүн районунун Пригородное айылынын 48 жаштагы Х.М. аттуу тургуну болгондугу аныкталган.

«Бул кылмышка маркумдун 54 жаштагы А.И. аттуу жолдошунун тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал кылмыш жасагандан кийин Россияга чыгып кеткен. Ага байланыштуу шектүүгө издөө жарыяланган», — деп билдиришти милициядан.

25-ноябрда шектүү Россиянын Ханты-Мансийск шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө. Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>