Баткенде майрамдарды өткөрүүгө бир жылдык чектөө киргизилди

Баткенде майрамдарды өткөрүүгө бир жылдык чектөө киргизилди

Баткенде 2023-жылдын 31-декабрына чейин облустук, шаардык, райондук деңгээлдеги маданий оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 28-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чектөө Баткен шаарына гана тиешелүү. Анткени шаар облустук статуста болгондугуна байланыштуу майрамдар облустук деңгээлде өткөрүлө берет.

“22-ноябрда шаардык кеңештин кезектеги сессиясында ушундай чечим кабыл алынды. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууларга байланыштуу болду. Бирок мэрия тарабынан элдик сейилдөөлөр уюштурулат. 14-16-17-сентябрь күндөрү Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63 аскерибиздин, 200гө жакын жарадар болгон жарандарыбыздын жана үй-жайсыз калган замандаштарыбыздын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынган”,- деп билдиришити мэриядан.

Чектөө киргизилген майрамдар:

  1. Балаты майрамы;
  2. Нооруз майрамы (элдик сейилдөө менен чектелсин)
  3. Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштурууга;
  4. 8-март аялдардын Эл аралык тилектештиги күнү;
  5. Акыркы коңгуроо салтанаттары;
  6. 1-июнь Балдардын эл аралык күнү;
  7. 9-май Улуу жеңиш майрамы;
  8. 31-август Эгемендүүлүк күнү.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирген.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>