Китеп окуу стресстен арылтат. Караколдогу СИЗОго китептер берилди

Китеп окуу стресстен арылтат. Караколдогу СИЗОго китептер берилди

Каракол шаарындагы №23 мекемесине активисттер 300гө жакын ар түрдүү жанрдагы китептерди чогултуп беришти. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, мекеменин тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер бөлүмүнүн кызматкерлери USAIDдин Укук булагы долбоорунун гендердик мектебинин катышуучулары менен биргеликте, тергөө абагында отурган адамдарга китеп чогултуу акциясын өткөрүштү.

Мекеменин китепканасы негизинен совет доорунда басылып чыккан адабияттардан турган жана ошого жараша камактагылар үчүн эч кандай кызыкчылык жаратпай, узак убакыт бою өзүнүн пайдалуулугун жоготкон.

Ошол эле учурда, камералык системанын абактагыларга тийгизген таасирин эске алуу менен китеп окуу убакытты өткөрүүнүн эң жакшы варианттарынын бири болуп эсептелет.

Ошондой эле китеп окуу стресстин деңгээлин азайтарын эске алсак, жакшы китептер керек экени белгилүү. Жогоруда айтылгандардын барын эске алуу менен бул акция эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылган.

Жыйынтыгында активисттер популярдуу детективдик аңгемелерден тарта өзүн-өзү өнүктүрүүгө арналган адабияттарга чейин ар кандай жанрдагы 300гө жакын китептерди жана журналдарды чогултушту.

Уюштуруучулар гуманитардык долбоордун бардык катышуучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Каракол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>