Бишкекте 1,2 млн сом уурдоого шектелип эки адам кармалды — видео

Бишкекте 1,2 млн сом уурдоого шектелип эки адам кармалды — видео

Бишкекте үйлөрдө уурулук кылууга шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-июнда милицияга Т.М. аттуу жаран кайрылып, болжол менен саат 05:30да белгисиз адамдар Көк-Жардагы үйүнө терезесинен кирип, 1,2 млн сомун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери шектүү катары 34 жаштагы Ч.З. жана 36 жаштагы К.Н. аттуу жарандарды колго тушүргөн.

Кармалгандардын унаасынан беткап, кол кап, керектүү шаймандар, алтын саат жана салмагы 2,5 грамм болгон күрөң түстөгү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы табылган нерсе баңгизат экенин көрсөткөн.

Учурда кармалгандар райондук соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кармалган жарандар  мурда соттолгон. Учурда алардын башка уурулук иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда.

Милиция кармалган адамдардан жабыр тарткан же алар тууралуу маалыматы бар адамдарды 0703 33 32 01,  0702 07 12 63 же 102 номерлерине байланышууга чакырат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>