ККМ бирөөнүн бизнесиби? Салык кызматы депутаттын сөзүнө жооп берди

ККМ бирөөнүн бизнесиби? Салык кызматы депутаттын сөзүнө жооп берди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыковдун ККМ жөнүндө билдирүүсүнө жооп берди.

Мекеме Кыргызстанда кассалык аппараттарды киргизүү боюнча алгачкы кадамдар 90-жылдардын ортосунда эле башталганын айтат.

“Башында ККМдин моделдеринин техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп жана баасы жогору болгон. Бирок, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү жана санариптештирүүнү киргизүү менен бул көйгөйлөр жоюлду. Эми аларды орнотуу көп чыгымдарды талап кылбайт жана тейлөө тарифтери минималдуу”, — дейт Салык кызматы.

Кыргызстанда ККМдин 33 түрдүү модели колдонулат, алардын ичинен 18и программалык жана 15и аппараттык. Аларды ишке ашырууга жана тейлөөгө жеке компаниялар катышкан 26 техникалык тейлөө борбору укуктуу.

Мындан тышкары, ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында Салык кызматы акысыз 10 миң даана ККМ таратты, бүгүнкү күндө дагы 32 миң контролдук-кассалык машиналардын келиши пландаштырылууда.

«ККМ дагы бирөөнүн бизнеси». Депутаттар видео регистратор коюуга каршы чыгышты (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>