“Акылсыздыкты токтоткула”. Байсалов АКШга кайрылуу жасады

“Акылсыздыкты токтоткула”. Байсалов АКШга кайрылуу жасады

Израиль алты айдан бери күн сайын Газа калкынын методикалык түрдө жок кылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөдө билдирди.

Ал Палестинада 13 миң бала, БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болгондугун белгилеп, медиа кызматкерлердин көбү атайылап өлтүрүлгөнүн айтты.

“Биз 2024-жылы болгон мындай геноцидди түз берүүлөрдөн көрүп жатабыз. Эки миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканына күбөбүз”, — дейт ал.

Эдил Байсалов Кыргызстан Израилдин Газа кол салуусун айыптаганын эскертти.

“Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок.  Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү Америка Кошмо Штаттарын бул акылсыздыкты жана геноцидди токтотууга чакырат”, — дейт аткаминер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>