ККМдин эски үлгүлөрүн колдонуу мөөнөтү аяктайт

ККМдин эски үлгүлөрүн колдонуу мөөнөтү аяктайт

Ушул айдын 28-февралында фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-марттан баштап бардык ККМ фискалдык модуль менен иштөөгө милдеттүү. Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген эски үлгүдөгү ККМ аппараттары өчүрүлөт.

ККМдин эски үлгүсү колдонуудан чыгарылса, кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат. Бул үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.

Эске салсак, Кыргызстанда салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт былтыртан тартып ККМ колдонууну талап кыла баштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: ККМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>