Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан кайтып келишти – видео

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан кайтып келишти – видео

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин аткарган кыргызстандык куткаруучулар мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМдин өздүк курамы тосуп алды.

Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин жогору баалады.

«Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат. Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты.

«Инсараг» эл аралык уюмуна кошулуу үчүн куткаруучуларды күжүрмөн даярдыкка келтирүүдө Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу мырзанын берген кеңеши, жардамы менен бир катар ийгиликтерди жарата алдык», – деди министр.

Ал эми салтанатка катышкан элчи мырза Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>