Жөө күлүк Кеңешбеков Кытайдагы Универсиадада коло тагынды

Жөө күлүк Кеңешбеков Кытайдагы Универсиадада коло тагынды

Кытайдын Чэнду шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк студенттик оюндарда (Универсиада) кыргызстандык жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыргызстандык жөө күлүк 174 өлкөнүн спортчусу катышкан жарышта 5 миң аралыкка чуркап, жыйынтыгында 3-орунга татыган.

Эскерте кетсек, Кытайда өтүп жаткан Универсиада 27-июлда башталган, 9-август күнү жыйынтыкталат. Кыргызстандык студенттер командасы спорттун 5 түрүнөн — жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, таэквондо жана спорттук ок атуу боюнча жарыштарга катышууда.

Кыргызстандык спортчулардын аталган мелдешке катышуусу үчүн Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу «Жаштык» массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясы тарабынан 2 млн сом бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>