Россия: Көчмө консулдук Самара шаарына барат

Россия: Көчмө консулдук Самара шаарына барат

14-16-октябрь күндөрү Самара облусунда жарандардын консулдук кызматтарга муктаждыгына байланыштуу Кыргызстандые жарандары үчүн жеринде консулдук кызмат көрсөтүлөт. Бул туурасында Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  биздин жарандарга  паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга, алмаштырууга арыздар кабыл алынат.

Жарандарды кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Самара ш., Воронежская көчөсү, 9 үй.

Кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү номерге кайрылыңыз: +7 927 260 34 84 (Кудуев Акылбек Аскербекович – Самара шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери).

Элчилик жарандардан Самара облусунда жашаган  кыргыз жарандарына жана жакындарына аталган шаарга пландалган көчмө консулдук кызмат тууралуу маалымдоого көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>