Кочкор-Ата шаарында белгисиз затка ууланган 42 окуучунун экөө оор абалда. Бул тууралуу 25-майда Жогорку Кенештин жыйынынде депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, №15 мектептин окуучулары 11-майда белгисиз ууланган.
“20 окуучунун абалы оор болгондуктан 18-майда Ош облустук балдар ооруканасына которулган. Эки баланын абалы оор экени айтылып жатат. Ата-энелер эмнеден ууланганын билбей жатышат. Адам өмүрүнө зыян келтирген заттарды кимдер алып келип жатат?”, — деди депутат.
Эл өкүлү бул боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтерине тапшырма берип, көзөмөлгө алууну өтүндү.
Буга чейин маалымдалгандай, Жалал-Абаддагы Кочкор-Аташаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланган. Окуя 11-майда №15 Семетей Беки уулу атындагы орто мектепте болгон.
Мугалимдер Тез жардам кызматын чакырып, Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна 42 окуучу жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Ошондой эле, алардын абалы туруктуу экени кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз