Кочкор-Атада ууланган 42 окуучунун экөө оор абалда, — депутат

Кочкор-Атада ууланган 42 окуучунун экөө оор абалда, — депутат

Кочкор-Ата шаарында белгисиз затка ууланган 42 окуучунун экөө оор абалда. Бул тууралуу 25-майда Жогорку Кенештин жыйынынде депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, №15 мектептин окуучулары 11-майда белгисиз ууланган.

“20 окуучунун абалы оор болгондуктан 18-майда Ош облустук балдар ооруканасына которулган. Эки баланын абалы оор экени айтылып жатат. Ата-энелер эмнеден ууланганын билбей жатышат. Адам өмүрүнө зыян келтирген заттарды кимдер алып келип жатат?”, — деди депутат.

Эл өкүлү бул боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтерине  тапшырма берип, көзөмөлгө алууну өтүндү.

Буга чейин маалымдалгандай, Жалал-Абаддагы Кочкор-Аташаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланган. Окуя 11-майда №15 Семетей Беки уулу атындагы орто мектепте болгон.

Мугалимдер Тез жардам кызматын чакырып, Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна 42 окуучу жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Ошондой эле, алардын абалы туруктуу экени кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>