Акаев ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүүнү өтүндү

Акаев ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүүнү өтүндү

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Азия инфраструктуралык инвестиция банкы аркылуу ишкерлерге берилген жеңилдетилген насыяларды берүүнү тездетүүнү өтүндү.

Анын айтымында,  2021-жылы Азия инфраструктуралык инвестиция банкы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлгөн. Анын 100 миллион доллары насыя, 50 миллион доллары грант болуп эсептелет.

«Бул каражаттар ишкерлерге тез арада жеңилдетилген насыя түрүндө берилиши керек эле, бирок 2 жылдан бери 90 миллион доллары гана берилген», — деген Жанар Акаев, калган 60 миллионун берүүнү тездетүүнү талап кылды.

Муну менен катар, бул долбоорду ишке ашыруучу өнөктөш банктар өздөрүнүн банкынан жогорку пайыздык чен менен коммерциялык насыя алуу үчүн кайрылган ишкерлерге артыкчылыктуу негизде пайызсыз насыя беришерин айтып, улуттук банкты жана башка жооптуу мамлекеттик органдарды бул жагдайга көңүл бурууну өтүндү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>