Кочкордо ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүгө унаа берилет

Кочкордо ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүгө унаа берилет

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында жогорку республикалык тестирлөөдөн 200дөн ашуун балл алган бүтүрүүчүгө автоунаа белек кылынат. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектеп окуучуларын билимге шыктандырууга багытталган саамалыкка облус казысы Эрик Молдокулов, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов, мугалимдер жааматы жана окуучулар катышты.

“Жыйында быйылкы 2022-2023-жылкы бүтүрүүчүлөрү арасында сынак жарыяланып, алдыдагы ЖРТ сынагынан 200 баллдан жогору балл алган окуучуга демөөрчүлөр тарабынан автоунаа белекке берилмей болду.  Мындан сырткары, окуучуларды мыкты даярдаган окутуучу агай-эжелердин бирөөсүнө акыркы үлгүдөгү iPhone уюлдук телефону белек кылынмакчы”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Кочкор району боюнча ЖРТ сынагынан алдыга озуп чыккан окуучуга 100 000 сом акчалай сыйлыгы «Кочкор» коомдук фонду тарабынан берилери убада кылынды.

Облус казызы окуучуларга насаат айтып жатып, исламда илимдин орду зор экенин баса белгилеп, алдыдагы тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырууну каалады. Ал эми мектеп администрациясы Нарын облустук казыяты менен биргеликте окуучуларга тарбиялык иштерди алып баруу сунушун киргизди.

Нарында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүнүн мугалимине унаа берилет

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>