Министрдин орун басары жоокерлер арасында өлүм азайганын айтты

Министрдин орун басары жоокерлер арасында өлүм азайганын айтты

Статистика боюнча акыркы жылдары аскердеги жоокерлер каза болгон учурлар азаюуда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов жоокерлер кызмат өтөп жатканда каза болгон, өзүн атып, асынып алган учурлар бар экенин айтып, алардын себеби «дедовщинада» эмеспи деген суроо узатты.

Министрдин орун басарынын айтымында, статистика боюнча акыркы жылдары жоокерлер арасында каза болгондор азаюуда.

«Статистикага токтоло кетсек, биздин маалымат боюнча, 5-10 жыл мурдагыга караганда мындай терс көрүнүштөр азаюуда», — деди ал.

Бул жерден Атазов Карасартовдун сөзүн бөлүп, статистиканы эмес, себебин сурап жатканын белгиледи.

«Бир адам болсо да статистика да. Статистика азайды деген туура эмес. Тамак-аштан же кийим-кечеден кыйналып жатышабы? Так айтып койсоңуз», – деп суроо салды Атазов.

Карасартов билдиргендей, жоокерлердин өзүнө кол салып жатканынын себеби, аскерге чейинки психологиялык даярдыгында болуп жатат.

«Биздин анализдер боюнча тамак-аштан, кийимден кыйынчылыктар болгон жок. Аскерге чейинки, мектептердеги психологиялык даярдыкта болуп жатат. Терс көрүнүштөр толук эмес үй-бүлөлөрдөн (чыккан балдар арасында  — ред.) болууда. Ошондуктан психологиялык туруктуулук жагынан болуп жатабы деп эсептейбиз. Бул багыттта иштерди күчөтүп алып барып жатабыз», — деди ал.

Кат жазып кеткен: Министр эки жоокердин өлүмүнүн себебин айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>