«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдардын саны боюнча экинчи келе жатат
10.09.2024 | 09:23
Кыргызстандын курамасы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында экинчи күндүн жыйынтыгы менен медалдардын саны боюнча экинчи орунда келе жатат.
Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда башталган, 14-сентябрда жыйынтыкталат.
Мелдештин экинчи күнүнүн жыйынтыгы менен Казакстан 14 алтын, 3 күмүш, 8 коло (жалпы 25 байге) утуп, медалдардын саны боюнча сап башында турат. 3 алтын, 7 күмүш, 4 коло (жалпы 14 байге) алган Кыргызстан экинчи орунду ээлөөдө. Ошондой эле Россия 3 алтын, 2 күмүш, 5 колосу (жалпы 10 байге) менен үчүнчү болуп келе жатат.

Алтын уткандар (Кыргызстан):
- Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг);
- Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг);
- Элза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг).
Күмүш медаль ээлери:
- Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг);
- Райкан Бактыгул уулу (эр эңиш, 70 кг);
- Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг);
- Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг);
- Кемал Оболбеков (казак күрөшү, 55 кг);
- Луиза Асакеева (казак күрөшү, 48 кг);
- Асел Садырова (салттуу жаа атуу);
Коло медаль ээлери:
- Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг);
- Байбол Саламат уулу (казак күрөшү, 66 кг);
- Искак Токонов (салттуу жаа атуу);
- Ажар Исаева (кураш, 70 кг).