Бишкектик ага-инини Бостериде оюнчук тапанча менен тоноп кетишти

Бишкектик ага-инини Бостериде оюнчук тапанча менен тоноп кетишти

Ысык-Көлдө төрт жигит оюнчук тапанча менен коркутуп, каракчылык кылышты, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 30-июль күнү Ысык-Көл РИИБге Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, 30-июлга караган түнү саат 23:00 чамаларында өзүнүн 16 жаштагы иниси менен Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатынын көл жээгинде сейилдеп жүрүшкөндө, аларга 17-20 курактагы белгисиз балдар келишип, такталбаган үлгүдөгү тапанча менен коркутушуп, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун, күмүш шакектерин жана башка буюмдарын карактап кетишкендерин билдирген. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгым 43200 сомду түзгөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин өз учурунда ачуу үчүн кесипкөй жана тажрыйбасы көп болгон милиция кызматкерлерден турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн кечиктирилгис тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери эки күндүн аралыгында кылмышка шектүү жарандардын өздүктөрүн аныкташып, аларды колго түшүрүштү.

Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары М.О., Д.Т., Чүй облусунун тургуну Н.И. жана 16 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. болуп чыгышты. Алгачкы суракта, алар күнөөлөрүн моюндарына алышып, биринен оюнчук тапанча далил зат катары алынды.

Райондук соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө учурунда 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>