Көчөлөрдөгү видеобайкоо камераларынын саны көбөйтүлөт

Көчөлөрдөгү видеобайкоо камераларынын саны көбөйтүлөт

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча жетекчилик кылган кызматтар менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жыйында 10 айдын жыйынтыгы каралган. Кеңешмеде белгиленгендей, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында министрлик тарабынан ички иштер органдарынын ишине санариптик технологияларды киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Ошондой эле кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү жана жарандардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн республиканын аймагын видеобайкоо камералары менен камтуучу географиялык зоналарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө бардык облустук борборлордо жана республикалык жана облустук маанидеги шаарларда «Бирдиктүү терезе» аркылуу ички иштер органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору жана пункттары иштеп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>