Депутат туунун жаңы вариантын криминалдын эн белгисине окшоштурду

Депутат туунун жаңы вариантын криминалдын эн белгисине окшоштурду

Мамлекеттик символдорго өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылдыгы жок. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.

Ал аскер ардагери катары тууга өтө аяр мамиле кыларын айтты.

«Тууну жоготкон аскер бөлүктөрү жоюлчу. Мен желекти өзгөчө сезим менен кабыл алам. Бизден кийинки парламентке биз кабыл алган туу жакпай алар дагы өзгөртүшү мүмкүн», — дейт депутат.

Акбөкөн Таштанбеков туунун жаңы варианты уюшкан кылмыштуу топтун жылдызчасына окшоп калганын белгиледи.

«Мыйзамдагы уурулардын жылдызчасына окшошуп калгандай. Жөөттөрдүн Давид жылдызчасын дагы эске салат», — деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүнү карап жатат.

Кыргызсандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков мамлекеттик туунун авторлору болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>