«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу сот отуруму жылдырылды
02.12.2020 | 16:08
Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, депутат Ирина Карамушкинага жана башкаларга каршы козголгон кылмыш ишин карамак. Бирок бүгүн, 2-декабрга белгиленген сот отуруму айыпталуучу Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү сот отуруму 9-декабрга саат 14: 00гө жылдырылды.
Бул жараян Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы аскерлери курман болгон Кой-Таш окуясынын алкагында жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом