Талант Мамытов Бириккен Араб Эмираттарынын Президенттин куттуктады

Талант Мамытов Бириккен Араб Эмираттарынын Президенттин куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахаянды Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин чын дилимден куттуктайм!

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара колдоого жана жаңы ишенимге негизделген өнөктөштүк жана достук мамилелер эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянга бекем ден соолук, ийгилик, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубатчылык жана өнүгүп-өсүүнү каалаган.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>