Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Кой-Ташта Атамбаевдин жеке дарыгери сабалган видео жарыяланды
22.01.2021 | 13:22
Журналист Кундуз Ажибекова «Фейсбугуна» Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгери сабалган видеону жарыялады.
Окуя Кой-Ташта 2019-жылдын 7-январында болгон.
«Видеодо «Альфа» атайын багыттагы аскерлер Кой-Ташта бейкүнөө жана жардамга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгерин сабашкан», – деп жазат Ажибекова.
Ал видеону ким тартканы белгисиз экенин, дарыгердин абалы тууралуу кабардар эмес экенин айтканын super.kg жазды.
«Бул окуя Кой-Таш окуясы учурунда болгон. Мага жеткен маалыматтар боюнча, алар Атамбаевди издеп, анын дарыгерин ушинтип сабашкан».
УКМК бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом