Кой-Ташта пакистандык ыктыярчы-медикти сабагандар аныкталды

Кой-Ташта пакистандык ыктыярчы-медикти сабагандар аныкталды

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 22 жаштагы пакистандык жаранды сабап кеткендер аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июлда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Пакистандын 1998-жылы туулган Ш.С., аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында эч себепсиз бейтааныш адамдар аны сабаганын билдирип, аларга карата чара көрүүнү суранган.

«Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан чыр-чатакка тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Айрым маалымат каражаттары жана интернет колдонуучулары, сабалган пакинстандык жигит Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>