Бишкекте Кыргыз-Кытай товардык көргөзмөсү өтөт — толук маалымат

Бишкекте 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин Кыргыз-Кытай (Синьцзян) товардык көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Б. Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде уюштурулат.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары — КЭРдин ШУАР (Синьцзян-Уйгур автономдук району) Коммерция башкармалыгы жана «Евразия» Синьцзян эл аралык көргөзмө компаниясы. Иш-чара КРдин Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Көргөзмөдө ар кандай тармактар үчүн товарлар жана чечимдер сунушталат, анын ичинде:
— өнөр жай жабдуулары жана технологиялар;
— курулуш материалдары жана үй тиричилигине керектүү товарлар;
— текстиль жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар;
— тамак-аш жана айыл чарба азыктары;
— турмуш-тиричилик техникалары, электроника жана автотоварлар.
Иш-чаранын алкагында ошондой эле КЭРдин ШУАР өкүлдөрү менен Кыргызстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик жолугушуулар, дегустациялык жана сатып алуу сессиялары, онлайн-трансляциялар жана эл аралык соода платформасынын иши пландаштырылган.
«Көргөзмө кытайлык өндүрүүчүлөр менен таанышууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган аянтча болот», — деп айтылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.
Көргөзмө 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин ачык болот. Дареги: Иса Ахунбаев көчөсү, 97.