Көк бөрү: «Сары-Өзөн» менен «Достук» биринчи орун үчүн беттешет

Көк бөрү: «Сары-Өзөн» менен «Достук» биринчи орун үчүн беттешет

Бүгүн, 9-майда «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштар жыйынтыкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында өтүүдө: көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана башка ат оюндары уюштурулган.

Көк бөрү боюнча мелдештин алкагында Жогорку лигада финалдык оюндар өтөт. «Мурас» менен «Ынтымак» командалары  үчүнчү орун үчүн күч сынашса, «Сары-Өзөн» менен «Достуктун» улакчылары биринчиликти талашат.

Күндүн програмасы:

9:00-10:30 — Көк бөрү: «Мурас»-«Ынтымак» (III-IV орун үчүн оюн)

11:00-11:30 — Ачылыш аземи

11:30-12:30 — Эр эңиш (финалдык оюндар)

12:30-15:00 — Ат чабыш

15:00-16:00 — Салбуурун (финалдык беттештер)

16:00-17:00 — Ат оюндары (кыз куумай, тыйын эңмей, эр сайыш, жигит өнөрү)

17:00-18:30 — Көк бөрү: «Сары-Өзөн»-«Достук» (I орун үчүн беттеш)

18:30-19:00 — Сыйлоо аземи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>