Көк бөрүдөгү чыр: 25 адам милицияда сурак берүүдө

Көк бөрүдөгү чыр: 25 адам милицияда сурак берүүдө

31-августта Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданындагы көк бөрү оюнунан кийин коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран кармалып, милицияга алынып келди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда тергөө-ыкчам тактоо иштери жүрүп жатат.

«Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат», — деп билдиришти милициядан.

Белгилүү болгондой, көк бөрү оюнунан соң болгон калайман чырдан кийин ооруканага 7 жаран кайрылган, анын ичинен бирөөсү милиция кызматкери.

Андан сырткары 31-август күнү болжол менен саат 18:50дө Ош облустук тез жардам кызматынан «Форд-Транзит» унаасынын айнектери талкаландыгы тууралуу маалымат түшүп, ал милицияда каттоого алынган.

Эскерте кетсек, 31-августта Эгемендиктин 32 жылдыгына карата Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында улуттук оюндар боюнча, анын ичинде көк бөрү боюнча финалдык беттештер өткөн. Көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойногон. Бул беттеште «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Бирок оюндун 2-бөлүгүнүн 14-мүнөтүндө талаш жараткан учур болгон. «Достуктун» оюнчусу Манас Ниязов улакты алып, атаандаштарынын тай казанына бара жатканда, алдынан «Ынтымактын» оюнчусу тороп чыгып, Ниязов салым жасай албай калган. Экинчи бөлүк аяктагандан кийин «Достуктун» капитаны «Ынтымактын» улакчысы оюн талаасына алмашууга кирип жатканда эреже бузганын айтып арызданган. Аталган маселе боюнча эки команданын капитандары, калыстар бир пикирге келе албай, үчүнчү бөлүктүн башталышы кечеңдеген. Соңунда үчүнчү бөлүк да башталып, эч ким жаза мамысына чыккан эмес. Экинчи бөлүктүн жыйынтыгы менен эсеп 1:1 болгон.

Үчүнчү бөлүктө «Ынтымактын» оюнчулары дагы бир улак салып, эсепти 2:1 кылган. Эсеп оюндун аягына чейин өзгөрүүсүз калып, натыйжада «Ынтымак» жеңишке жеткен.

Оюн аяктагандан кийин күйөрмандардын арасынан нааразы болгондор оюндагы калыска желим бөтөлкө ыргытып, кол салган.

Андан кийин калысты милиция кызматкерлери коргоп, ат майдандан алып кетип жатканда айрым күйөрмандар калысты, аны корголоп бараткан милиция кызматкерлерин желим бөтөлкө, таш менен ургулаган. Калысты «Тез жардам» алып кетти деп ойлогон күйөрмандардын айрымдары медицина кызматкерлеринин унаасын таш менен уруп, айнектерин сындырып салган.

Бул ызы-чуудан кийин «Достук» менен «Ынтымактын» оюнчулары элге жана күйөрмандарына кайрылып, ынтымакка чакырып, чагымчыл адамдардын сөздөрүн ээрчибөөнү суранган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>