Кыргыз-өзбек чек арасы: 10 жылдан ашык жабык турган бекет ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасы: 10 жылдан ашык жабык турган бекет ачылды

Бүгүн, 1-сентябрда Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кара-Багыш» өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Чек ара бекетинин ачылыш аземине Ош облусунун биринчи орун басары Уристем Манапов, Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышкан.

«Акыркы он жылдан ашуун мезгилде жабык болгон бул чек ара бекети эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Андижан облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жандангандыгына эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары кубанып турат», — деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземине келген конокторго чакан концерттик программа уюштурулган.

Чек ара өткөрмө бекети бүгүнтөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>