Балбак Түлөбаев президентти журналисттер менен сүйлөшүүгө чакырды

Балбак Түлөбаев президентти журналисттер менен сүйлөшүүгө чакырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен сүйлөшүүгө чакырды.

Ал редакцияларды тинтүү жана журналисттерди камоо фактылары өлкөгө кедергисин тийгизип калышы мүмкүн экендигин белгиледи.

«Лондон, Нью-Йорк жана Парижде олтурган адамдар Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды үтүр-чекитине чейин билбейт. Алар биздин жарандар жазып берген маалымат боюнча эле айтып жатышат. Бирок мындай көрүнүштөр эртең өлкөгө залакасын тийгизет», — дейт ал.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, журналисттер менен сүйлөшүңүз. Медианын арасында дагы аксакалдары бар, алар тентек, ээнбаштарды тартипке салсын. Ооба адам экен, кемчилик кетиши, туура эмес жазышы мүмкүн. Сот, прокуратура органдарынын өкүлдөрүн алып медиа коомчулук менен сүйлөшүү аркылуу мунасага келиңиз», — деди депутат.

Белгилей кетсек, «Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкери эки айга, 2024-жылдын 13-мартына чейин СИЗОго камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>