«Көлбаев менен байланышы болгон». УКМК мурдагы депутаттын уулун кармады

«Көлбаев менен байланышы болгон». УКМК мурдагы депутаттын уулун кармады

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, мурдагы депутаттын уулу М.А. М. (Азиз Мырзаев) Көлбаевдин кылмыштуу иштери тууралуу билип, анын кылмыштуу жол менен тапкан мүлкүнө мыйзамдуу түр көрсөтүү үчүн, чыныгы ээсинин атын жашыруу максатында «Лексус LX570» брондолгон унаасын өзүнө каттап, унааны Көлбаев менен  анын адамдарына колдонууга берген. Ошондой эле ал Көлбаев менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болуп, уюшкан кылмшытуу топ жаштар жана спортчулар үчүн уюштурган спорттук иш-чараларга акча бөлүп турган.

Мырзаев 6-декабрда кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Октябрь райондук соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Тергөө амалдары учурунда Азиз Мырзаевге таандык көптөгөн мүлк, анын ичинде Дубайда жалпы суммасы 4,5 млн доллар болгон 24 батир аныкталган.

УКМКдан билдиришкендей, учурда Көлбаевге таандык болгон мүлктү мамлекеттин пайдасына алуу боюнча иштер уланууда.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, кармалган адамдын аты-жөнү Мырзаев Азиз Мырзаевич. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Исаеванын уулу болуп саналат.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>