ИИМ: Токтогулда турган үйүндө баңгизат жасап, сатып жүргөн

ИИМ: Токтогулда турган үйүндө баңгизат жасап, сатып жүргөн

Жалал-Абадда баңгизат жасалган лаборатория табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баңгизатка каршы күрөшүү кызматтын кызматкерлери тарабынан Токтогулда 44 жаштагы Д.К. аттуу жаран баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал жашаган жерден “нашаа” жана “марихуана” баңгизаттарын даярдоо жана сактоо лабораториясына ылайыкташтырылган бөлмө табылган. Ал жерден 4 кг 436 грамм “нашаа”, “марихуана”, “кара куурайдын саманы” жана “кара куурайдын тундурмасы” маңзаттары табылып алынган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>