«Наристе» эл аралык балдар фестивалы: Бишкекке Санкт-Петербург жана Пушкинодон делегациялар келди

31.05.2026 | 11:30
«Наристе» фестивалынын Санкт-Петербургдан келген катышуучулары Бишкекке келишти

Кечээ жакында «Наристе» VI Эл аралык балдар фольклордук фестивалына катышуу үчүн Бишкекке Санкт-Петербург жана Пушкино шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Наристе» фестивалынын Пушкинодон келген катышуучулары Бишкекке келишти

Маалым болгондой, делегациялар өз өлкөсүнүн балдар фольклордук искусствосун, улуттук маданиятын жана каада-салттарын тартуулашат.

«Наристе» фестивалынын Санкт-Петербургдан келген катышуучулары Бишкекке келишти

Россиядан келген делегациялардын катышуусу фестивалдын эл аралык статусун баса белгилейт жана өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыктын кеңейип жаткандыгынан кабар берет.

«Наристе» фестивалынын Санкт-Петербургдан келген катышуучулары Бишкекке келишти

Быйыл фестиваль дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын башын бириктирип, мазмундуу концерттик, билим берүүчү жана маданий программанын форматында өтүүдө.

«Наристе» фестивалынын Пушкинодон келген катышуучулары Бишкекке келишти

«Наристе» VI Эл аралык балдар фольклордук фестивалы салтка айлангандай улуттук маданиятты, музыканы жана бий искусствосун тартуулаган балдардын чыгармачыл жамааттарын чогултуп, маданий диалог, чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана эл аралык байланыштарды чыңдоо үчүн аянтча түзүп келет.

«Наристе» фестивалынын Пушкинодон келген катышуучулары Бишкекке келишти

Бишкек мэриясы Санкт-Петербург жана Пушкино шаарларынан келген делегацияларды жылуу тосуп алат жана катышуучуларга ийгиликтүү өнөр көрсөтүүнү, жаңы таанышууларды жана Кыргызстандагы күндөрүнөн жаркын таасирлерди каалайт.

Scroll to Top