Коомдук жайларда тамеки тартуудан канча каражат түшкөнү айтылды

Коомдук жайларда тамеки тартуудан канча каражат түшкөнү айтылды

Быйыл Бишкектин Октябрь жана Ленин райондорунда уруксат берилбеген жерлерде тамеки чеккендиги үчүн ишканалардан 1 миллион 345 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Ленин району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы 312 миң сомго протокол түздү. Ал эми Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 243 миң сомго протокол түзгөн.

Октябрь району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан 741 миң сомго, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 249 миң сомго протоколдор түзүлгөн.

“Рейддик иш-чаралар “Жарандардын ден соолугун тамеки чегүүнү, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө, — деп айтылат маалыматта.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>