“Коопсуз шаар -2”: Сот тендердик комиссияга нааразы тараптын арызын кароосуз калтырды

“Коопсуз шаар -2”: Сот тендердик комиссияга нааразы тараптын арызын кароосуз калтырды

Бишкектин райондор аралык соту “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгына нааразы болгон БИС компаниясынын арызын канаттандырган жок.

Маалыматка караганда, райондор аралык соттун судьясы 12-сентябрда өткөн отурумда арызданган тараптын доо арызы негизсиз экенин айтып, ишти кароосуз калтырган.

Белгилей кетсек, август айынын башында тендердик комиссия үч компанияны экинчи турга өткөргөн.  Бирок орусиялык  БИС компаниясы ага атаандаш болгон орусиялык “Вега” компаниясы менен кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы талапка жооп бербесе да киийнки турга өткөрдү деп, сынак комиссиясын сотко берген.

23-августта Мамлекеттик сатып алуулар порталына компаниялардын долбоорду ишке ашырууга сунуштаган баалары жарыяланган.

Анын жыйынтыгы менен “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом сунуштап алдыга чыккан.

Электрондук аукциондун шарты боюнча, долбоорду ишке ашырууга эң төмөнкү сумманы сунуштаган компания жеңүүчү деп табылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>