Кореяда кыргыз ишкерлеринин товарлары көргөзмөгө коюлду

Кореяда кыргыз ишкерлеринин товарлары көргөзмөгө коюлду

Кыргызстандын Кореядагы  Элчилиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиги менен биргеликте 2022-жылдын 23-июндан 25-июнга чейин өтүп жаткан “Import Goods Fair 2022” Эл аралык көргөзмөсүнө кыргызстандык компаниялардын катышуусун уюштурду.

Көргөзмө Кореянын Импортчулар ассоциациясы (KOIMA) тарабынан, жано ошондой эле Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин, Кореянын Тышкы соода жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин жана Кореянын Эл аралык соода ассоциациясынын колдоосунда уюштурулууда.

Көргөзмөгө 100дөн ашык чет элдик компаниялар катышты. Bee Honey, Dary Tien Shan, Sustainable Business Solutions (SBS), GIMNILI, Bal King, Azius, Afiat Trade, Balary, Aman Greenfood, Sun Planet Organic жана NAG Group компаниялары катышты..

Көргөзмөнүн жүрүшүндө бал, шоколад, варенье, кийизден жасалган буюмдар, ошондой эле текстиль, «Байра» мода үйү тартууланды. Көргөзмөдө ошондой эле коноктор кыргыз боорсоктору менен балдан даам татууга чакырылган.

 Маалымат үчүн: «Импорттук товарлар жарманкеси» жыл сайын өтүүчү көргөзмөсү Корея Республикасына чет мамлекеттердин товарларын жана продукцияларын илгерилетүү боюнча ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>