Коргоо министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Коргоо министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Коргоо министрлигинин жана «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликтин аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосунун курулушун жүргүзүүдө мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

«Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Коргоо министрлигинин жана «Аскер курулуш»мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосунун курулушунда, аткарылган иштердин актыларына жасалган жумуштардын көлөмүн жана колдонулган материалдардын түрлөрүн атайылап көбөйтүү жана бурмалоо жолу менен каражатты кымырып алган фактысы аныкталды. Натыйжада, мамлекетке 1 млн сомдон ашуун өлчөмдө материалдык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>