Коркутуулар болуп жатканын айткан Сурабалдиевага Ташиев жооп берди

Коркутуулар болуп жатканын айткан Сурабалдиевага Ташиев жооп берди

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоого каршы добуш бергендерге коркутуп-үркүтүүлөр, кысымдар болуп жатканын билдирди. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев жооп берди.

Анын айтымында, Эльвира Сурабалдиеванын жакындарына таандык «Кудайберген» базары 70 миллион сом өлчөмүндө кошумча салык төлөгөн эмес. К.Ташиев депутатты жалган маалымат таратпоого чакырды.

«Мен Эльвира Сурабалдиеванын коркутуп-үркүтүүлөр боюнча билдирүүсүн унаада баратканда уктум. Мен түшүндүрүп берейин. Анын туугандарына тиешелүү «Кудайберген» базарында 3 миң контейнер бар. Маалыматтарга караганда, ар бир контейнерден 2-3 миң сомдон чогултулууда. Бирок иш жүзүндө 7-15 миң сомдон чогултушат. УКМК базарларды текшербейт, эч кандай көрсөтмө бербейт. Салык кызматы ишкердик субъекттерин текшерет. “Кудайберген” баразы  70 миллион сом салыкты төлөгөн эмес. Төлөш керек. Биз эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбайбыз, барганга акыбыз дагы жок», — деди К.Ташиев.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>