Коррупция, жаш курак жана дин. Жарандар кайсы сапатына карап шайлоого даяр?

Коррупция, жаш курак жана дин. Жарандар кайсы сапатына карап шайлоого даяр?

2026-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо кыргызстандыктардын көпчүлүгү добушун жаш талапкерлерге бергенге даяр. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.

Жарандардан кайсы бир кызматка дайындалып же шайланып жаткан адамдын кайсы сапатына көңүл бөлөрүн сурашкан. Жооптордун 36 пайызы 35 жашка чейинки талапкерди колдоого даярдыгын билдирген. Институт өткөн жылы 35 жашка чейинкилер сурамжылоодо 18 пайыз колдоо тапканын белгилейт.

Анткен менен кыргызстандыктар аткаминер же саясатчынын коррупциядан алыстыгына өзгөчө көңүл бөлүшөт. “Коррупцияга каршы күрөш” жообу 60 пайыз добуш алган.

Жаш курактан кийинки орунда жердешчилик турат. Сурамжылоого катышкандардын 30 пайызы айылдашын тандайт.

Аткаминер же саясатчынын динчилдиги 5 орунга жайгашып, ал 25 пайыз добушка ээ болду.

Изилдөө 2023-жылдын 21-декабрынан 2024 жылдын 19-январына чейин респонденттердин үйүндө бетме-бет маектешүү жолу менен жүргүзүлдү. Ага 18 жаштан жогору 1 миң 500 адам катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>